11-мартта Бишкек шаардык кеңеши кезексиз жыйын чакырып, анда мэр Иса Өмүркуловго ишеним көрсөтпөө маселеси талкууланды. Бул демилге шаардык кеңештеги “Республика” фракциясы тарабынан сунушталды. Жыйын кызуу талаш-тартыш менен өтүп, жыйынтыгында депутаттар шаар башчысына 3 ай мөөнөт берди. Бул аралыкта Өмүркулов кол алдындагы айрым жетекчилерди иштен алып, айтылган бир катар талаптарды ишке ашырмакчы. Эгер талаптар аткарылбаса, мэрге ишеним көрсөтпөө маселесин шаардык кеңештеги көпчүлүк коалиция көтөрүп чыгат. Мэрдин тегерегиндеги бул кырдаал боюнча айрым адамдарга суроо узаттык.
Иса Өмүркуловго 3 ай мөөнөт берилди. Мэрди алмаштыруу менен шаардын абалы өзгөрүп кетет деп ойлойсузбу?
Алмамбет Шыкмаматов, Юстиция министри:
- Бул маселени 2 тараптуу караш керек. Биринчиден, бул жерде саясий оюн жүрүп жатат. "Республикачылар" чү дегенде эле "мэр кетсин" деп чыгышты. Алгач жыйын өткөрүп, кемчиликтерди жалпы талкуулап туруп анан мэрдин отставкасын талап кылышса туура болмок. Шаардагы кемчиликтин баарын эле мэрге жүктөй бергенде болбой калат. Анткени ар бир тармактын өзүнүн башчысы, жооптуу адамы болот да. Мына көрдүк, кемчиликтери үчүн вице-мэр жана башка жетекчилер кызматтан алынды. Экинчиден, мэрге нааразычылык жаралып, ага 3 ай мөөнөт берилиши жакшы көрүнүш, бул шаардык кеңештеги депутаттардын ийри отуруп, түз кеңешүүсүнүн алгачкы кадамдары. Кайсы шаардык кеңеш буга чейин мэрдин кемчиликтерин ачык айтып чыкчу эле? Мэрди алмаштыруудан мурун шаардык кеңештин депутаттары жакшы иштеши кажет.
Мыктыбек Абдылдаев, ЖКнын депутаты:
- Туура эмес. Мэрди алмаштыруу менен эле шаар өнүгүп кетпейт. Өнүгүү үчүн шаардын бюджети чоң болушу керек, жыл сайын жетиштүү өлчөмдө каражат бөлүнүшү зарыл. Мындан сырткары шаар тургундары да мэрдин ишине көмөктөшсө шаар алдыга жылат. Ошого жараша мэр да жакшы иштегенге аракет жасаганы оң.
Кусейин Исаев, серепчи:
- Иса Өмүркуловдун ордуна ылайыктуу адамды көрбөй жатам. Менимче ал жакшы эле иштеп жатат. Ал эми “Республика” фракциясы мэрликке өзүнүн адамын алып келүүгө аракет кылууда. Балким, бул көп партиялуулуктун терс жагыдыр... Экинчиден, шаардын тазалыгы, көчөдөгү таштандылар да маселе жаратууда. Бирок, ар бирибиз шаарды, жашаган жерибизди таза кармаганга да үйрөнүшүбүз керек. Германияда жарандар үйүнүн айланасын самындап жууп жатканын көрдүм. Демек, мэрди күтүп олтура бербей, ишти өзүбүздөн баштаганыбыз туура.
Асия Сасыкбаева, ЖКнын депутаты:
- Биз жетекчилерди алмаштырып эле жатабыз, бирок эч өзгөрүү жок. Мэриянын ишин артка тартып жаткан системди оңдошубуз керек. Чийки мыйзамдарды кайрадан карап чыгып, аларга толуктоо киргизүү учурдун талабы. Систем өзгөрмөйүн шаардагы абал жакшы жагына өзгөрбөйт. Кандай жетекчи келсе да шаар мурдагы калыбында тура берет. Мындан сырткары шаардын бюджети чоң болушу да маанилүү.
Данияр Тербишалиев, ЖКнын депутаты:
- Бишкектин абалын оңдоо үчүн шаардык бюджетте акча жетиштүү болушу зарыл. Экинчиден борбор калаада жүрүп жаткан бардык иштер элге ачык-айкын болушу маанилүү. Мисалы борбор калаанын башкы планын алалы. "Ала-Тоо" аянтына атайын орун даярдап, шаардын башкы планын илип койсо болот. Ар бир жаран өзү жашап жаткан шаар кантип өзгөрүп, кандайча өнүгө тургандыгын билүүгө тийиш. Азыр шаарда баш аламандык, шаардын көркүн бузган ар кандай курулуштар жүрүп жатат. Жеке менин оюмча, мерлик кызматка мурунку бийликте иштебеген, жаңыча ой жүгүрткөн адам келиши керек. Азыркы мэрдин дарегине көп эле сын пикир айтылып жатат, айрыкча шаардагы тазалык боюнча. Мен мэрге начар иштеп жатат деп баа берет элем.
Жоомарт Сапарбаев, ЖКнын депутаты:
- Жетекчини алмаштыра берүүдөн эч нерсе өзгөрбөйт деп ойлойм. Бирок быйыл кышында шаардагы абалды баарыбыз көрдүк да. Шаар башчысынын көп иштерди жасоого мүмкүнчүлүгү бар. Ал эми аны жумуштан кетирүү маселесин шаардык кеңештин депутаттары чечсин.
Бекбосун Бөрүбашев, серепчи:
- Жетекчини алмаштыруу менен шаардын абалы өзгөрбөйт. Экономикалык, саясий кырдаалды жакшыртуу үчүн мэрди алмаштыруу жетишсиздик кылат. Эскирип калган системди, мыйзамдарды жаңыртуу керек. Менимче, бул демилге партиялык кызыкчылыктан улам келип чыкты көрүнөт.
Талант Узакбаев, ЖКнын депутаты:
- Албетте, жетекчини алмаштыруу менен мекемеде сөзсүз өзгөрүү болот. Күчтүү лидер өзгөртүүлөрдү киргизип, өнүгүүгө багыт алат. Тарыхтан көрүп эле жүрбөйбүзбү, мисалы, Ата Түрк, Сингапурдун мурдагы лидери. Алар өлкөсүн кандай деңгээлге жеткирип койду? Демек, татыктуу, демилгелүү мэр шаардагы абалды оң жагына өзгөртө алат деп ойлойм.