Кочкор районундагы аймактык ооруканага 6-январда 10 адам ботулизм диагнозу менен түшкөн. Ооруканага оор абалда түшкөн адамдар бир үйдө конок болушкан. Ал жердеги 12 адамдын 10ну ооруп калган.
Бардык бейтаптар "Тез жардам" бригадалары менен борбор калаадагы Республикалык клиникалык инфекциялык ооруканага жеткирилишкен. Азыркы учурда алардын үчөө жандандыруу бөлүмүндө, алардын бири кош бойлуу келин. Калгандары жалпы бөлүмдө дарыланып жатышат. Бул тууралуу SUPER.KG порталына байланышкан окурман билдирди.