11-январда өлкөдө түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт, күндүз Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын айрым жерлеринде жаан-чачын жаайт. Ысык-Көл, Нарын облустарында жаан-чачын жаабайт. Жолдор тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, күндүз кээ бир райондордо 15-20 метрге жетет.
Чүй облусу. Күндүз +13°C, түнкүсүн -3°C
Талас облусу. Күндүз +11°C, түнкүсүн -5°C
Ош жана Жалал-Абад облустары. Күндүз +13°C, түнкүсүн -1°C
Баткен облусу. Күндүз +12°C, түнкүсүн -2°C
Ысык-Көл облусу. Күндүз +8°C, түнкүсүн -6°C
Нарын облусу. Күндүз -10°C, түнкүсүн -12°C
Бишкек шаары. Күндүз +11°C, түнкүсүн -2°C
Эскертүү!
2016-жылдын 10-11-январында жаап өткөн жана күтүлүп жаткан жаан-чачынга байланыштуу өлкөнүн тоолуу райондорунда, Бишкек-Ош автоунаа жолунун 121-138, 198-265-чакырымдарында жана Каракол-Эңилчек автоунаа жолунун 45-90-чакырымдарында кар көчкү түшүүсү жана кар күрткүсү күтүлөт, жолдор тайгак болуп, муз тоңот. Унаалардын ортосунда 500 метр аралык кыймыл чектелиши зарыл.