Быйыл Баткен облусунда 43543 гектар аянтка айыл чарба өсүмдүктөрү себилет. Бул тууралуу өкмөттүн аталган облустагы өкүлчүлүгүнүн аймактык өнүктүрүү бөлүмүнүн башчысы Салижан Хамрабаев билдирди. Айтымында, быйыл 9398 гектар аянтка жаздык буудай, 8568 гектар жерге жаздык арпа, 2763 гектарга күрүч, 8704 гектарга жүгөрү, 1851 гектар жерге буурчак, 1047 гектар аянтка техникалык өсүмдүктөр, 2164 гектарга май өсүмдүктөрү, 2431 гектарга картошка эгилет. Мындан сырткары 2774 гектар аянтка жашылча-жемиштер айдалмакчы.