Жылнаама, 9-январь: Мындан 34 жыл мурун Улуу Британиянын ханбийкеси Кейт Миддлтон төрөлгөн

* Мындан 48 жыл мурун, 1968-жылы Сакиш атка конгон актриса, куудул Айнура Турганбаева Аламүдүн районунун Стрельников айылында төрөлгөн. Мектепти бүтөрү менен Кыргыз драма театрынын алдындагы эки жылдык студияга тапшырган. Аны аяктаган соң Жаштар театрында иштеп калган. Сакиш деп аталып калышынын себеби: Марат Жанталиев экөө “Кимдин баласы?” деген спектаклде жубайлардын ролун ойношкон. Анда күйөөсүнүн аты Бопуш, аялынын аты Сакиш болгон. Ошондон кийин көпчүлүк аларды Сакиш, Бопуш деп атап калган.


* Мындан 36 жыл мурун, 1980-жылы ырчы Гүлжигит Сатыбеков Жалал-Абад облусундагы Аксы районуна караштуу Мукур айылында туулган. Репертуарындагы ырлары – “Коштошуу”, “Ошко сапар”, “Балама” жана башка. Гүлжигит Сатыбековдун "Мен сенден кетейинчи" аттуу ыры "Супер-Инфо" гезитинин тандоосу боюнча "Жылдын супер ыры" деп табылган.


* Мындан 46 жыл мурун, 1970-жылы бельгиялык ырчы, композитор, актриса Лара Фабиан Бельгиянын Эттерберк шаарында туулган. "Мен сени сүйөм" ("Je T’aime") жана "Адажио" ("Adagio") деген хит ырлардын аткаруучусу Лара Фабиандын чыныгы фамилиясы - Крокарт. Лара 5 жашка чыкканга чейин Сицилияда жашап, кийин Бельгияга көчүп келишкен.
Фабиан бала кезинен эле ырчы болууну кыялданып, музыка, бий ийримдерине катышчу. 14 жашынан атасынын гитара чертүүсү алдында клубдарда ырдап, андан соң европалык музыкалык сынактарга катыша баштайт. Ырчы катышкан сынактардын эң эле абройлуусу "Евровидение" сынагы болгон. 1988-жылы "Евровидение" сынагына Люксембургдун атынан катышып, 4-орунду алган.
1991-жылы Ларанын "Lara Fabian" деп аталган алгачкы ыр жыйнагы жарыкка чыккан. Ал 1999-жылы биринчи жолу Монакодо MTV`нин музыкалык сыйлыгын тапшыруу аземине катышып, "Бенилюкс өлкөлөрүнүн мыкты артисти" деген наамды алган.

* Мындан 34 жыл мурун, 1982-жылы Улуу Британиянын ханбийкеси Кейт Миддлтон Англиянын Рединг шаарында төрөлгөн. Толук аты-жөнү – Кэтрин Элизабет Миддлтон. Кейт Миддлтон орто билимди Мальборо колледжинен алып, 2001-жылы Сент-Эндрюс университетине тапшырган.
Кэтрин ханзаада Уильям менен 2002-жылы Шотландиянын Сент-Эндрюсс университетинде окуп жүргөндө таанышкан. Ошол күндөн тарта эки жаш алгач дос болуп жүрүшүп, көп өтпөй чогуу жашай башташкан. Кылымдын тоюна айланган Кейт Миддлтон менен ханзаада Уильямдын тою 2011-жылы 29-апрелде болуп өткөн. Түгөйлөр 2013-жылдын 22-июлунда Георг Александр Луи аттуу уулдуу болушкан. Ал эми 2015-жылы 2-майда кыздуу болушуп, атын Шарлотта Елизавета Диана коюшкан.

9-январда Кыргыз Республикасында жана дүйнөдө орун алган окуялар тууралуу кененирээк бул жактан окуй аласыздар.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (5)
jemile
2016-01-09 10:13:33
Админ менимче Кейт Миддлтон 'Ханбийке' статусуна ээ эмес?
Анткени ак сөөктөрдүн тукумунан болбогондугунда же мен адаштымбы?
0
jusupova
2016-01-09 12:45:54
jemile,менимче Кейт турмушка ханзаадага чыккан учун ханбийке болду.
0
aziziko
2016-01-09 13:52:46
jemile, Хурем деле кул болуп келип Сулейманга тийген учун Султан болгон. Кейт ханзаадага турмушка чыкан учун ал ханбийке болот.
0
jemile
2016-01-09 20:02:33
Эч жерде принцесса Кейт деген жок,
Кайненеси айтылат принцесса Диана деп
0
aziziko
2016-01-10 16:44:09
jemile, Диана принцесса болуу укугун куйоосу Чарльз менен ажырашканда жоготкон. Анан озу олуп калса куйоосу башка аял менен граждандык никеде жашаса Елизабетта || Кейттин куйоосун тактын мураскери деп жарыялап принц деген атты алган. Ак сооктун тукумунан болгон эмес деп куйоосу принц болсо озу эмне принцесса болбой калмак беле ?
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан