* Мындан 45 жыл мурун, 1971-жылы ырчы Лира Райымбекова Жалал-Абад облусуна караштуу Токтогул районундагы Өзгөрүш айылында төрөлгөн. Улуттук филармониянын алдындагы эстрадалык 2 жылдык окуу жайын бүтүргөн. 1991-жылдан баштап Алымкул Үсөнбаев атындагы "Эл шайырлары" фольклордук тобунда эмгектенип келет. Алгач "Алымкан", "Күлгүн жаш", Ш.Дүйшөбаевдин "Жан сырым" деген ырларын аткарып эл оозуна алынган.
* Мындан 3 жыл мурун, 2013-жылы Бишкекте депутаттар Камчыбек Ташиев, Садыр Жапаров, Талант Мамытов боюнча сот иши башталган. Аталган 3 депутат 2012-жылдын 3-октябрында Бишкектин борбордук аянтында “Кумтөр” алтын кени боюнча митинг уюштурган. Жолугушуу аяктагандан кийин К.Ташиев чогулгандарды бийликти басып алууга үндөп, жан жөкөрлөрү менен Ак үйдүн тосмосун ашып кирген.
* Мындан 72 жыл мурун, 1944-жылы “Жаш өч алуучулар” жашыруун уюмунун мүчөсү, партизан, чалгынчы, Советтер Союзунун Баатыры Зина Портнова 17 жашында көз жумган.
Зина Портнова 1926-жылы 20-февралда Ленинградда туулган. Улуу Ата Мекендик согуш башталып, ал 1942-жылы “Жаш өч алуучулар” жашыруун уюмуна мүчө болуп кирген. Зина Портнова немис офицерлерин даярдоо курсунун ашканасында иштеп, тамакка уу кошуу менен жүздөн ашык душманды жок кылган. Териштирүү убагында өзүнүн күнөөсү жок экенин далилдөө үчүн ууланган тамакты ичип, бирок аман калган. Ал эми 1943-жылдын август айынан тартып чалгынчы болуп, ошол эле жылдын декабрь айында душмандардын колуна түшүп калган. Сурак убагында столдун үстүндө турган немис тергөөчүсүнүн куралын алып тергөөчүнү жана дагы эки адамды атып өлтүрүп, качууга аракет кылган. Тилекке каршы, колго түшүп калып, Белоруссиянын Полоцк шаарындагы түрмөдө 17 жашында атылган.
* Мындан 45 жыл мурун, 1971-жылы улуу мода ханышасы Коко Шанель 88 жашында Парижде көз жумган. Коко Шанель Франциянын Сомур шаарында төрөлгөн. Ата-энеси чогуу жашабагандыктан, кичинекей кыз жетимдер үйүндө тарбияланган.
Өз алдынча жашоосун баштагандан кийин кездеме саткан дүкөнгө орношуп, кечкисин жергиликтүү кафеде ырдап жан бакчу. “СоСо” деген ырды көп ырдаганы үчүн аны Коко деп атап коюшкан. Ырчылыктан эч пайда көрбөсө да, көптөгөн бай, таасирдүү адамдар менен достошууга жетишкен. 1913-жылы Этьен Бальзан аттуу адам Коко Шанелге Довиль шаарында баш кийим сатуучу дүкөн ачып берет. Шанелдин алгачкы кардарлары пайда боло баштайт. Иши оңунан чыгып, өзүнө ишене баштаган Шанель Бальзандан кол үзөт. Кичинекейиндеги тилеги орундалып, кийим чыгарууну ойлонот. Кээ бир кийимдерди Шанель түшүндө көрүп, анан тикчү дешет.
Аялдар үчүн шым, пиджак, юбкалардын жаңы моделдерин, спорт кийимдерин чыгара баштайт. Баш кийим, зер буюмдарынан сырткары атыр чыгарууга да жетишет. Анын атактуу “Шанель №5” деп аталган атыры бүгүнкү күнгө чейин эч өзгөрүлбөгөн, кайталангыс жытка ээ.
1914-жылы согушка катышкан аялдар үчүн Коко Шанель атайын тыкыс кийимдерди даярдаган. 1930-жылдардын аягында Коко Шанель кокусунан бардык дүкөндөрүн жаап, Швейцарияга көчүп кеткен. Бирок Кристиан Диор аттуу атаандашы пайда болгондо 70 жаштагы Шанель кайрадан мода чөйрөсүнө кайткан.
10-январда Кыргыз Республикасында жана дүйнөдө орун алган окуялар тууралуу кененирээк бул жактан окуй аласыздар.