* Мындан 6 жыл мурун, 2010-жылы мурдагы коргоо министри жана Коопсуздук кеңешинин мурунку катчысы Исмаил Исаков “Коргоо министрлигине тиешелүү 2 бөлмөлүү батирди офицер уулуна берип койгон” деген айып менен Бишкек аскердик гарнизондук соту тарабынан генерал-лейтенанттык чининен ажыратылып, 8 жылга кесилип, сот залынан камакка алынган. Ал эми 2010-жылдын 7-апрелиндеги элдик ыңкылаптан кийин Исмаил Исаков боштондукка чыгып, сот тарабынан акталган.
* Мындан 3 жыл мурун, 2013-жылы кечке жуук ИИМдин Уюшкан кылмыштуулукка жана коррупцияга каршы күрөшүү башкы башкармалыгынын түштүк аймагы боюнча бөлүм башчысы, полковник Толкунбек Шоноевди белгисиз бирөөлөр атып кетишкен. Ал жумуштан чыгып, кызматтык автоунаасы менен Ош шаарынын Ак-Тилек кичи районундагы үйүнүн жанына келгенде ага кылмышкерлер бир нече ок атышкан. 9 жолу ок атылып, анын бешөөсү денесине тийген полковник каза болгон.
* Мындан 2 жыл мурун, 2014-жылы Баткенде кыргыз-тажик чек арачыларынын ортосунда атышуу чыккан. Кыргыз тараптан 6, ал эми тажик тараптан 4 аскер жаракат алган. Ал атышууда тажик аскерлери гранатомёт менен атышып, бирок снаряд жарылбай калган. Снаряд Баткендеги Ак-Сай айылынын аймагына түшкөн. "Бул чек ара жаңжалынын башталышына тажик тарап күнөөлүү" деп билдирген вице-премьер-министр Токон Мамытов.
* Мындан 44 жыл мурун, 1972-жылы орусиялык тележурналист, шоумен, алып баруучу Андрей Малахов Орусиянын Апатиты шаарында төрөлгөн. ММУнун журналистика бөлүмүн артыкчылык диплому менен аяктаганы үчүн 1,5 жылдык стажировкага Американын Мичиган штатына жөнөтүлгөн. Мекенине кайтканда алгач “Останкинодо” кабарларды англис тилинен которуп иштеген. Бирок мындай кызмат Андрейдин көңүлүнө жакпай, ди-джейлик кесипти тандайт да, “Максимум” радиосуна ишке орношот. 1995-жылы “Биринчи канал” тарабынан “Утро” телепрограммасынын алып баруучусу болуп тандалганда анын жүзү да элге таанылып, белгилүү инсандардын катарына кошула баштаган.
1998-жылы юристтин окуусун аяктаганга жетишкен. 2001-жылы Андрей “Большая стирка” шоу-көрсөтүүсү менен журт алдына чыгып, мыкты шоумен экенин далилдеген.
11-январда Кыргыз Республикасында жана дүйнөдө орун алган окуялар тууралуу кененирээк бул жактан окуй аласыздар.