Акын Алыкул Осмоновдун 100 жылдык мааракеси белгиленет
Кыргызстанда акын Алыкул Осмоновдун 100 жылдык мааракесин белгилөөгө даярдык көрүлүүдө. Бул тууралуу бүгүн, 16-мартта "А.Осмоновдун үй-музейи" коомдук бирикмесинин жетекчиси Памирбек Казыбаев билдирди. Айтымында, "Алыкул 100" долбоорунун алкагында фотоальбом, орус жана кыргыз тилиндеги тандалма дил баяндар жыйнагын түзүү пландалууда. Өлкөдөгү бардык билим берүү мекемелеринде, маданий борборлордо акындын 100 жылдык мааракесине карата иш-чаралар уюштурулмакчы. Айта кетсек, аталган долбоордун салтанаттуу ачылышы 18-мартта борбор шаардагы улуттук китепканада болот.