Түтүнгө ууланган 2 наристенин денеси табылды

  15-марта саат 14:15те Аламүдүн районундагы Виноградное айылында Фрунзе көчөсүндөгү иштебеген айылдык Маданият үйүндө өрт чыгып, түтүнгө ууланган 4 жаштагы Т.Бутаев жана 3 жаштагы Т.Бутаева аттуу 2 наристенин денеси табылды. Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматы билдирди. Маалым болгондой, каза болгон наристелердин апасы бөлмөнү ижарага алчуу. Окуя болгон күнү аял улуу баласы мектептен келет деген ой менен нан бышырган мешти иштетип коюп, жумушка кеткен. Болжолдуу маалыматтарга ылайык, өрттүн чыгышы нан бышырган меш экени айтылууда. Учурда бул окуя боюнча иликтөө иштери уланып жатат. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (6)
max90
2013-03-16 12:21:52
Жалко жаш балдарга,жаткан жерлери жайлуу болсун!!
0
aika_sv
2013-03-17 02:10:30
Кырсык каш кабактын ортосунда деп бекеринен айтылбаган да, эх чын эле наристелерге жаман болгон экен.
0
jooshbala
2013-03-17 05:49:51
Журогум ыйлайт жаш балдардын ушундай окуяларын уксам.Эххх атаганат ....атасы апасы эмне кылышат эми сыздап ...журоктору эзилип буткондур.Кайырлуу болсун наристелердин жаткан жери.
0
shah.
2013-03-17 14:09:05
Аябай эле окунучтуу окуя болуптурго...эээххх баарынан наристелерге жаман болуптур 3-4 жашар... Ата-энесине сабырдуулук тилейм.
0
Xamer
2013-03-17 22:15:54
:(((((((
0
akylbek89
2013-03-18 09:27:47
жайы жаннатуу болсун
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан