Аксы окуясына 11 жыл толду

Эртең, 17-мартта Аксы окуясына 11 жыл толот. Буга байланыштуу аталган райондо жана жер-жерлерде бул кайгылуу окуяны эскерүү иш-чаралары өтөт. Эскертип кетсек, 2002-жылы ал кездеги Жогорку Кеңештин депутаты Азимбек Бекназаровду камактан бошотуу талабы менен Жалал-Абад облусунун Аксы районунда митингге чыккан миңдеген карапайым элге бийлик ок чыгарып, 6 адам каза болгон. Мындан сырткары ондогон адамдар октон жаракат алышкан. Ал учурда депутат Бекназаров Үзөңгү-Кууштун Кытайга жең ичинен сатылып кеткенине каршы чыгып, президент Аскар Акаевдин иш-аракеттерин сындап, анын айынан куугунтукталып камакка алынган. Адилеттик издеп тынчтык митингине чыккан эл күтүүсүз жерден 6 азаматын жоготкон болчу. Бирок 11-жыл өтсө да, окуянын күнөөкөрлөрү жазага тартыла элек. 
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан