Кызыл-Кыя шаарында мугалимге ок чыгарган деп шектелген Азамат Пахировду издөө иштери натыйжа бере элек. Бул тууралуу бүгүн, 11-январда Баткен облустук ички иштер башкармалыгынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, Кызыл-Кыя шаарынын Тоо-кен техникумунда дене тарбия мугалими болуп иштеген Ноокат районунун Төөлөс айыл аймагынын Өрнөк айылынын тургуну, 24 жаштагы Абылкасым уулу Кабылга ок чыгарган 35 жаштагы Азамат Пахиров белгисиз себептерден улам ПМ-9 миллиметр тапанча менен бир нече жолу атып, окуя болгон жерден изин жашырып кеткен. Ал 8-январдан бери изделип жатат.
Эскерте кетсек, окуя болгон жерге Кызыл-Кыя шаардык ички иштер башкармалыгынын тергөө тобу барып, 6 даана болжол менен ПМ-9 миллиметр тапанчанын гильзаларын жана 1 даана ок табышкан. Кылмышка шектүү Азамат Пахировду кармоо боюнча ыкчам топ түзүлүп, керектүү экспертизалар дайындалган.