Ош шаарында 19-декабрдан бери белгисиз болуп, изделип жаткан Малика Игамбердиева өткөн жумада табылды. Бул тууралуу бүгүн, 11-январда Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматынын өкүлү Замир Сыдыков билдирди.
Маалыматка ылайык, жүргүзүлгөн издөө иштеринин алкагында М.Игамбердиева Ош шаарындагы үйлөрдүн биринен табылган. Ал күйөөсү менен кайненесине таарынып үйүнөн кетип, Оштогу үйлөрдүн биринде кары аялды багып, ошолордун үйүндө жашап келгендиги аныкталды.