17-мартта Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарынын айрым жерлеринде жаан-чачын күтүлөт, калган аймактарда жаан жаабайт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундуна 4-9 метрге чейин жетет. Ал эми өлкө боюнча күтүлгөн абанын температурасы төмөндөгүдөй:
Чүй облусунда күндүз +12...+17 °C, түнкүсүн +2...+7 °C
Талас облусунда күндүз +11...+16 °C, түнкүсүн 0...+5 °C
Ош жана Жалал-Абад облустарында күндүз +12...+17 °C, түнкүсүн +2...+7 °C
Баткен облусунда күндүз +11...+16 °C, түнкүсүн 0...+5 °C
Ысык-Көл облусунда күндүз +5...+10 °C, түнкүсүн 0...-5 °C
Нарын облусунда күндүз +5...+10°C, түнкүсүн -2...-7°C
Бишкек шаарында күндүз +15...+17°C, түнкүсүн +4...+6°C
Борбор шаарда жаан-чачын күтүлбөйт.