Таласта 68 тонна ун жана улпакты өлкө аймагына мыйзамсыз түрдө алып кирүүгө аракеттенгендер кармалышты

Талас облусунда кыргыз жерине 68 тонна ун жана улпакты мыйзамсыз түрдө алып киргенге аракеттенгендер кармалышты. Бул тууралуу бүгүн, 11-январда Чек ара кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Казакстан тараптан эч кандай тиешелүү документтери жок алынып келинген ун менен улпак кыргыз жеринде сатылмак. Анын баасы орточо эсеп менен 1 миллион сомду түзмөк. Тиешелүү документтер толтурулуп, ун менен улпакты мыйзамсыз алып киргендер жана дан азыктары КРнын Чек ара кызматынын аймактык бөлүмүнө өткөрүлүп берилди.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
Parish
2016-01-11 17:35:12
Ун болсо тазалыгын текшерип
откоруп жибербейби.Жок
дегенде унубуз мол болуп
турганы жакшы кыргызстанда.
Олкобуздон сырт жака алып
чыгып кеткени жаман.
+5
more22
2016-01-11 18:57:54
Ал ун экен жарактуу болсо унчукбай эле койбойбу андан коро мыйзамсыз чыгып аткан куйуучу майларды кармаса болотко
+3
AiBoru
2016-01-11 21:05:45
Евросоюзга кирдик, товар жугуртуу эркин болот дешпеди беле. Дагы эле эмне текшеришет!!!
Товар ташыгандын эмнеси бар экен эми, уурдап келишкен жок го!!!
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан