Жылнаама, 12-январь: Мындан 75 жыл мурун ырчы жана обончу Рыспай Абдыкадыров туулган

* Мындан 75 жыл мурун, 1941-жылы ырчы жана обончу Рыспай Абдыкадыров Ош облусуна караштуу Кара-Кулжа районунун Кызыл-Булак айылында туулган. Кыргыз музыка дүйнөсүндө чоң из калтырган атактуу обончу, аткаруучу Рыспай Абдыкадыров "Алмашым", "Түгөйүм", "Сагынуу", "Издейм сени", "Алтынчы күнү кечинде", "Жүрөктү кетпе жаралап" деген ырлары менен калың элдин катмарына сиңип, улуу-кичүүнүн жүрөгүнөн орун алган.

* Мындан 75 жыл мурун, 1941-жылы “кыргыз керемети” учурунун таланттуу өкүлү, мыкты режиссёр Болот Шамшиев өлкөбүздүн ордо шаары Бишкекте (мурдагы Фрунзе) туулган.
Болот Шамшиев 1965-жылы ВГИКти бүткөн. Ал "Ак кеме", "Эрте келген турналар", "Бөрү зындан", "Фудзиямадагы кадыр түн" сыяктуу тасмаларды тарткан.

* Мындан 60 жыл мурун, 1956-жылы актёр, режиссёр, КРнын Эл артисти Замирбек Сооронбаев Нарын шаарында туулган. Ал 1975-жылы Кыргыз мамлекеттик академиялык драма театрынын алдындагы студияны, 1979-жылы Ташкенттеги А.Островский атындагы Театр жана сүрөт өнөрү институтунун актёрдук факультетин бүткөн. 1979-жылдан тартып Кыргыз мамлекеттик академиялык драма театрында иштей баштаган. Замирбек Сооронбаев "Бишкек, мен сени сүйөм!", "Баатыр", "Шайтан араба", "Көк салкын", "Чиркин өмүр", "Нонсенс" жана башка тасмаларда роль жараткан.

* Мындан 48 жыл мурун, 1968-жылы эстрада ырчысы Айчүрөк Иманалиева Талас районунун Калба айылында туулган. Кыргыз мамлекеттик филармониясынын эки жылдык эстрада студиясын, М.Күрөңкеев атындагы музыкалык окуу жайын бүтүргөн. Жаш көрүүчүлөр театрында (Театр юных зрителей) Т.Асанакунов уюштурган эстрадалык топко келип кирген. "Роза гүлү" аттуу ырынан тартып анын эстрада ырчысы катары сапары башталган.
Айчүрөк Иманалиева 2013-жылы "Супер-Инфо" гезитинин версиясы боюнча "Заманыбыздын супер ырчысы" деп табылган.

* Мындан 140 жыл мурун, 1876-жылы Американын прогрессивдүү жазуучусу, журналист жана коомдук активист Жон Гриффит "Жек" Лондон Калифорния штатынын чоң порттуу шаары Сан-Францискодо, жарды фермердин үй-бүлөсүндө туулган. 1905-1910-жылдар Жек Лондондун чыгармачылыгынын гүлдөп, эң жогорку деңгээлге өсүп жеткен мезгили. Бул жылдары өзүнүн көлөм жана идея жагынан зор чыгармаларын - "Темир бут", "Мартин Иден", "Ак азуу", "Таптардын күрөшү", "Революция" жана башкаларды жазган.

* Мындан 40 жыл мурун, 1976-жылы детективдик чыгармалардын жаратуучусу, англиялык Агата Кристи 85 жашында көз жумган.
Агата Кристинин 60тан ашык детективдик романы, 19 аңгемелер жыйнагы жарык көргөн. Жазуучунун китептери 4 миллиарддан ашык нускада чыгарылып, 100дөн ашык тилге которулган.

12-январда Кыргыз Республикасында жана дүйнөдө орун алган окуялар тууралуу кененирээк бул жактан окуй аласыздар.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан