12-январда көпчүлүк аймактарда жаан, кар жаашы күтүлөт. Айрым аймактарда түнкүсүн жаан-чачын катуу жаайт. Жолдор тоңголок, тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, кээ бир райондордо 15-20 метрге чейин жетет.
Чүй облусу. Күндүз +13°C, түнкүсүн 0°C
Талас облусу. Күндүз +12°C, түнкүсүн -2°C
Ош жана Жалал-Абад облустары. Күндүз +14°C, түнкүсүн 0°C
Баткен облусу. Күндүз +14°C, түнкүсүн 0°C
Ысык-Көл облусу. Күндүз +6°C, түнкүсүн -3°C
Нарын облусу. Күндүз -12°C, түнкүсүн -22°C
Бишкек шаары. Күндүз +12°C, түнкүсүн -1°C