17-мартта Бишкектеги Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадиондо Азия футбол конфедерациясынын Чакырык Кубогунун тандап алуу оюнунун алгачкы күнүндө Кыргызстандын футбол боюнча улуттук курама командасы 1:0 эсебинде Макао командасын жеңип алды. “Макаонун деңгээлин биздин команда билген. Негизинен, жыйынтык канааттандыраарлык. Эми пакистандыктар менен ойногондо жогорку көрсөткүчтү көргөзүшүбүз керек. Максатыбыз 3 упай алуу эле. Ал азыр бизде бар”,- деди кыргызстандык команданын башкы машыктыруучусу Сергей Дворянков. Айта кетсек, АФКнын Чакырык Кубогунун финалдык баскычына чыгуу үчүн эртең, 19-мартта Тажикстан – Макао командалары беттешет.