Акыркы суткада өлкөдө 5 өрт кырсыгы катталып, Кадамжай районунда 2 кабаттуу сарайдын чатыры толугу менен күйүп кетти

Өткөн сутка ичинде өлкө аймагында 5 өрт кырсыгы катталып, аларды өчүрүүгө 5 өрт өчүрүү бөлүмү тартылган. Бул тууралуу бүгүн, 12-январда Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Чүй облусунда 2, Талас облусунда 1, Баткен облусунда 1, Ош облусунда 1, Жалал-Абадда 1 өрт кырсыгы катталды.

Кадамжай районуна караштуу Бирлик айыл өкмөтүндө өрт кырсыгы катталды. Анын кесепетинен жыгач устундуу, шифер жабылган, аянты 90 чарчы метр 2 кабаттуу сарайдын чатыры толугу менен күйүп кетти. Өрттүн келип чыгуусуна балдардын от менен ойногону себеп болгон.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан