16-мартта президент Алмазбек Атамбаев Улуттук Олимпиада комитеттеринин ассоциациясынын президенти, Азия Олимпиада кеңешинин президенти шейх Ахмад Аль-Сабахты кабыл алды. Бул тууралуу президенттик аппараттын маалыматтык саясат бөлүмү билдирди. Жолугушуунун жүрүшүндө Кыргызстанда спорттун Олимпиада түрлөрүн жана олимпиадалык кыймылды мындан ары өнүктүрүү маселелери талкууланды. Шейх Ахмад Аль-Сабах Улуттук Олимпиада комитеттеринин ассоциациясы Кыргызстан командасынын спортчуларына олимпиадалык стипендиялардын санын көбөйтүү маселесин карай тургандыгын маалымдады. Учурда 2 кыргызстандык спортчу олимпиадалык стипендия алат.