Екатеринбургда 4-январда жоголгон 13 жаштагы Канат кызы Айганышты издөөдө бардык тийиштүү тергөө амалдарын жүргүзүү үчүн "жашы жете электи өлтүрүү" беренеси менен кылмыш иши козголду. Бул тууралуу Свердлов облустук ички иштер башкармалыгына шилтеме берип орусиялык басылмалар жазып чыгышты.
"Кыздын саат 22:00дө дүкөндөн чыгып бара жатканы 2 видеокамерага тартылып калган. Андан кийин кайсы тарапка басып кеткени изилденип жатат. Азыр "Стрела" кинотеатрынын айланасында издөө жүрүүдө",- дейт издөө отрядынын координатору Алексей.
Кыргыз кызын издөөгө өз ыктыяры менен кошулган жарандар бар. Кошуналарынын айтымында, Айганыш мектепке барчу эмес, үйдө эжесинин кичинекей балдарын карап жүргөн. "Ал кичинекей үч баланы балдар аянтчасында ойнотуп, аларга жакшы мамиле кылганы көрүнүп турчу. Балдар жакшы кийинген, оюнчуктары бар, сырттан караганда колунда бар үй-бүлөгө окшош. Бирок Айганыштын жанынан улуу адамдарды көргөн эмесмин",- дейт издөө иштерине катышкан кошунасы.
Укук коргоо органдарынын маалыматына караганда, Айганышты кыргыз жеринен өткөн жылдын май айында анын 23 жаштагы эжеси алып келген. Окуя болгон күнү эжеси аны сүт алып келүү үчүн дүкөнгө жөнөткөн. Кызды издөөгө полициянын бардык бөлүмдөрү тартылды.
Канат кызы Айганыштын бою 145 сантиметр, кой көз, кашы калың, чачы кара. Ошол күнү күлгүн түстөгү күрмө, кочкул кызыл моюн орогуч, токулган баш кийим, кочкул кызыл лосина, күрөң кышкы өтүк кийип жүргөн. Көргөн-билгендер полиция кызматкерлерине (343) 370-41-66 же 356-42-11 телефон номурлары аркылуу билдиришсе болот.