Депутат Садыр Жапаровдун жактоочусу Токтогул Абдыев көз жумду
Айыпталуучу депутат Садыр Жапаровдун жана камактагы Абдулла Юсуповдун жактоочусу Токтогул
Абдыев көз жумду. Бул тууралуу экс-аскердик прокурор, 3-октябрдагы митинг боюнча айыпталуучулардын бири Кубатбек Кожоналиев өзүнүн интернет баракчасына жарыялады.
Токтогул Абдыев 15-март күнү, 56 жаш курагында Ошко сапар тартып бара жатып учакта каза болгон.