"Катуу ылдамдыкта келе жатып жөө жүрүүчүлөрдү сүзгөн" деген шек менен 22 жаштагы жаран кармалды. Бул тууралуу 12-январда Бишкек шаардык жол-кайгуул кызматынын басма сөз катчысы Атыр Бекмурзаева билдирди.
Кырсык 9-январь күнү саат 20:30 чамасында Жибек-Жолу көчөсүндө болгон. Анда Тойота Харриер (буга чейин окуянын күбөлөрү Lexus RX 350 унаасы деп билдиришкен) унаасынын айдоочусу катуу ылдамдыкта келе жатып 1975-жылы туулган С.Н. жана 1969-жылы туулган Н.С. аттуу жөө жүрүүчүлөрдү сүзгөн. Окуя болгон жерден бир аял каза тапкан, ал эми баш сөөгүнөн жаракат алган жаран ооруканага жеткирилген.
Айдоочу кырсык болгон жерден качып кеткен. Ошол эле күнү ал атасынын унаасын сурабай айдап чыкканы, кийин коркконунан унааны таштап белгисиз жакка кеткени аныкталган. Иликтөө иштеринин жүрүшүндө 11-январда кылмышка шектүү катары 1993-жылы туулган В.В. кармалды. Ал тергөө абагына киргизилип, иликтөө иштери жүрүүдө.