Борбор калаада алдамчылыкка шектелип 2 аял кармалды

Борбор калаада алдамчылыкка шектелип 2 аял кармалды. Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынан 12-январда билдиришкендей, милицияга арыз менен 38 жаштагы жаран кайрылган.

Анда ал Аида жана Индира аттуу аялдар анын ишенимине кирүү менен жер тилкесин сатып берүүнү убадалап 500 доллар алып, алдап кетишкенин айткан. Жүргүзүлгөн иликтөө иштеринин алкагында кылмышка шектүү катары 38 жаштагы Аида жана 35 жаштагы Индира кармалды. Учурда иликтөө иштери жүрүүдө.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан