Бишкекте табылган жасалма акциздик маркалар чапталган ири партиядагы алкоголь боюнча кылмыш иши козголду

Мамлекеттик салык кызматынын кызматкерлери Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматы менен биргеликте Бишкек шаарынан жасалма акциздик маркалар чапталган ири партиядагы алкоголдук продукцияны тартып алышты. Бул тууралуу 12-январда Мамлекеттик салык кызматынан билдиришти.

Тактап айтканда, рейддик салыктык текшерүүнүн жүрүшүндө “Кристалл” кыргыз арак заводу” ишканасынын аймагынан чыккан автоунаадан 1,5 миллион сом суммасындагы 27 600 бөтөлкө алкоголдук продукция табылган.

КРнын Юстиция министрлигине караштуу Мамлекеттик соттук экспертиза борбору тарабынан жүргүзүлгөн соттук-техникалык экспертиза аталган продукцияга чапталган 18 600 акциздик марканын жасалмалуулугун тастыктаган. Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматынын Бишкек шаары боюнча башкармалыгынын тергөө бөлүмү тарабынан бул факт боюнча кылмыш иши козголду.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан