Жаңы жылдын алгачкы 10 күн аралыгында 116 өрт кырсыгы катталып, 7 киши каза тапты. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, өрт кырсыгынан 6 адам куткарылса (3 кичинекей бала), ал эми жабыркагандардын саны 2 адамды түзгөн.
Катталган өрттөрдүн негизги себеби отко болгон этиятсыз мамиле экендиги айтылууда. Андан сырткары жылытуучу мештерди туура эмес колдонуудан улам да көп өрт кырсыктары катталганы белгиленет.