Бүгүн, 12-январда Бишкек шаардык сотунда Жогорку Кеңештин мурунку депутаты Урмат Аманбаеванын соту өтмөк. Айыпталуучунун ден соолугуна байланыштуу сот отуруму 26-январга жылдырылды. Бул тууралуу SUPER.KG порталына анын жактоочусу Жыргалбек Бабаев билдирди.
"У.Аманбаевага экинчи ирет операция жасалган. Учурда ал ооруканада тиешелүү дарылануудан өтүүдө. Дарыгерлердин айтымына караганда, ал мурунку калыбына келүү үчүн 1 ай убакыт керектелет. Аталган себептерге байланыштуу У.Аманбаева бүгүн сотко келе алган жок. Судья жыйынды 26-январга жылдырууга мажбур болду", - дейт Ж.Бабаев.
Жактоочунун айтымында, айыпталуучу 26-январга чейин өзүн жакшы сезбесе, сот отуруму февраль айына жылдырылмакчы. Айта кетсек, бүгүн шаардык сотто Октябрь райондук сотунун чечими боюнча
У.Аманбаеванын апелляциясы каралмак.
Эске салсак, экс-депутат Урмат Аманбаевага Башкы прокуратура тарабынан кылмыш иши ачылган. "Коррупция" беренеси менен айыпталып жаткан мурдагы депутат мамлекетке 17 миллион 263 500 сом зыян келтиргени айтылган. Ал Ош облусундагы Кургак учук менен күрөшүү борборунун башкы эсепчиси болуп турганда мыйзамсыз иштерди жасаганы маалымдалган. 13-ноябрда Октябрь райондук соту Урмат Аманбаеваны 9 жылга эркинен ажыратып, мүлкүн конфискациялоо боюнча өкүм чыгарган. Аманбаева өзүнө козголгон кылмыш ишин негизсиз деп эсептеп жана тагылып жаткан айыптарга макул эместигин айткан.