Биринчи Май райондук ички иштер башкармалыгы тарабынан жүргүзүлгөн иш-аракеттердин натыйжасында маңзат сактоого шектүү адам кармалды. Бул тууралуу 12-январда Бишкек ШИИББинин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, Д.Сяопин жана Садыгалиев көчөлөрүнүн кесилишинде 28 жаштагы Сокулук районунун К.Ислам аттуу тургуну кармалган. Текшерүү учурунда андагы полиэтилен пакетинен 1 килограмм 95 грамм кара куурайга окшош зат табылган. Факт боюнча кылмыш иши козголуп, иликтөө жүрүүдө.