Жогорку Кеңештин депутаттары 18-22-март күндөрү жер-жерлерде шайлоочулар менен жолугушууларды өткөрөт. Анда тургундардын орчундуу көйгөйлөрү жеринде талкууланып, аларды чечүүнүн жолдору ортого салынмакчы. Бул тууралуу ЖКнын басма сөз кызматы билдирет. Бул иш-чарага тиешелүү токтомду Жогорку Кеңеш 15-мартта кабыл алды.