Румыниялык фотограф Михаэла Норок бир нече жыл мурун жумушун таштап, жаңы жашоо баштаган. Болгону сумкасы менен фотоаппаратын алып, дүйнө боюнча жүздөгөн аялзатынын табигый сулуулугун тартууга саякатка чыккан. Мунун негизинде анын "Сулуулук атласы" ("The Atlas Of Beauty") аттуу долбоору жаралып, азыркы күндө 37 өлкөнүн аялзатын сүрөткө тарткан. Анын ичинде кыргыз кыздары да бар.
"Бүгүн мен сулуулук бүт жерде бар экенин жана ал эч кандай косметикага, кийимдин өлчөмүнө карабай турганын толук ишеним менен айта алам. Сулуулук - жасалмалуулуктун жоктугу",- дейт Михаэла Норок.
Михаэла Нороктун "Сулуулук атласы" долбоорундагы сүрөттөр назарыңыздарда.