Ош облусунда уурдалган 320 баш малдын жарымы өзбек чек арачылары тарабынан кайтарылды

Чек ара кызматынын 12-январда берген маалыматына караганда, Ош облусунда уурдалган 320 баш малдын жарымы өзбек чек арачылары тарабынан кайтарылды.

9-январда Ош облусунун Араван районундагы Кум-Бел аймагында 4 белгисиз адам кыргыз жарандарынын 332 баш малын уурдап, Өзбекстандын аймагына айдап өтүп кеткен. Андан соң Чек ара кызматынын Ош облусу боюнча өкүлү Өзбекстандын Булак-Башы аймагынын чек ара өкүлү менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзгөн. Натыйжада малдын көбү Өзбекстандын Көк-Бел аймагынан табылган.

Эки тараптуу сүйлөшүүлөрдөн кийин 10-январда өзбек чек арачылары 146 баш малды кыргыз тарапка өткөрүп берген. Азыркы тапта эки өлкөнүн укук коргоо органдары мал уурулукка шектүү жарандарды издеп жатышат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (7)
Ayida
2016-01-12 17:01:25
Чек ара куноолу Озбектердин.Атайын кылышат мындан башка толтура бир уйун атын айдап кирип кетип бербей какшатышат Кыргыздарды ошого бир да чондор конул буруп койбоду.
+2
NuRba.97
2016-01-12 18:53:08
Ayida,Кыргызстандын аймагынан оной эле алып кетип атышат. Ага ким кунолуу? Чек араны бекемдей албаган кыргыздар кунолуу.
0
Ayida
2016-01-12 19:04:40
NuRba.97,Чондор куноолу!Мен тушунбоймун ушул чондорго.Жазага тартса аларды Озбектерди мал уурдаган кайталабайт эле.Тим койот кош конул карап.Элестеткиле 332 башты айдап кеткенин коншу олко.
0
STAN_KG
2016-01-12 18:39:28
Мен такыр түшүнө албай турам, ХХХ ХХХ башкаларга сабак болот! Бирин койбой Кыргызстандын аймагында кармап каттуу жоопко тартса мындай кылмак эмес!
0
admin_portal
2016-01-13 10:52:31
STAN_KG - эскертүү!
Провокация жарата турган билдирүүлөрдү жазууга тыюу салынат.
0
Enjoy.kg
2016-01-12 21:27:52
332 мал деген аябай копкоо, айдап озбекстанга кирип кеткиче кыргыздар уктап жата бердиби. Тируулой тутуп кыйнаш керек болчу ал акмактарды.
+1
avtogrand
2016-01-13 00:25:54
Торт киши ошончо малды айдап отсо эч Ким билген жокпу? Торт киши курал менен кирсе да эчким билбейт экенда.
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан