Мексиканын Веракрус штатында футбол командасынын оюнчуларын жана алардын үй-бүлө мүчөлөрүн алып бараткан автобус 30 метр бийиктиктен кулап кетти. Анын кесепетинен 20 адам, анын ичинде балдар да каза болуп, 25 адам ар түрдүү жаракаттарды алды. Бул тууралуу бүгүн, 12-январда чет элдик маалымат каражаттары жазып чыгышты.
Маалыматка ылайык, автобустун айдоочусу жогорку ылдамдыкта келе жатып бурулганда ал тосмону талкалап, 30 метрлик бийиктиктен кулап түшкөн. Учурда иликтөө иштери жүрүүдө.