Бүгүн, 18-мартта саат 9:00дөн 17:00гө чейин Сокулук районуна караштуу Токбай, Күн-Туу, Кызыл-Туу айылдарында, Военно-Антоновка айылынын Полярный, Западный көчөлөрүндө, Фрунзе айылынын Восточный көчөсүндө, Кара-Балта шаарынын Луговый, Комсомольский, Кожомбердиев көчөлөрүндө электр жарыгы өчүрүлдү. Бул тууралуу “Түндүк электр” ишканасынын басма сөз кызматы билдирет. Бул өчүрүүлөр “Жал”, “Степная” жана “Военно-Антоновка” көмөк чордондорундагы оңдоо иштерине байланыштуу болду.