13-январда түнкүсүн Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым райондорунда кар жаашы күтүлөт, калган аймактарда күн ачык болот. Күндүз жаан-чачын күтүлбөйт. Жолдор тоңголок, тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, кээ бир райондордо 15-20 метрге чейин жетет.
Чүй облусу. Күндүз +8°C, түнкүсүн -8°C
Талас облусу. Күндүз +7°C, түнкүсүн -10°C
Ош жана Жалал-Абад облустары. Күндүз +8°C, түнкүсүн -5°C
Баткен облусу. Күндүз +8°C, түнкүсүн -6°C
Ысык-Көл облусу. Күндүз +5°C, түнкүсүн -10°C
Нарын облусу. Күндүз -15°C, түнкүсүн -22°C
Бишкек шаары. Күндүз +7°C, түнкүсүн -6°C