Кыргыз мамлекетинде бензиндин баасы арзандоодо. Бишкектеги май куюучу жайларда 13-январга карата баалар төмөнкүдөй:
АИ-80 32 сом 50 тыйын;
АИ-92 35 сом;
АИ-95 39 сом 50 тыйын;
Дизель майы 33 сом.
Айрым май куюучу жайларда баалар 50 тыйынга кымбатыраак. Борбор шаарга салыштырмалуу республиканын аймактарында баалар жогору. Баалардын арзандашын адистер сезонго байланыштуу суроо-талаптын азайышы менен байланыштырышууда.