Ооганстанда күчү 7 баллга жеткен жер титирөө катталды. Бул тууралуу 13-январда Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, жер силкинүү 13-январда Кыргыз Республикасынын убактысы боюнча саат 02:04тө болгон. Жер титирөөнүн очогу Ооганстан мамлекетинин Гиндикуш тоолорунда, Ош шаарынан 500 чакырым түштүк-батыш тарапта жайгашкан. Жер титирөө Кыргыз Республикасынын түштүк аймактарында 3 баллга чейин сезилген. Алдын ала алынган маалыматтар боюнча, өлкөбүздүн аймагында кыйроолор жана жабыркагандар жок.