Алай районунда унаа жардан түшүп кетип, 5 адам жаракат алды

Алай районуна караштуу Терең-Аңгал аймагындагы Гүлчө-Корул унаа жолунун 3-чакырымында 12-январь күнү саат 10:35 чамасында КИА үлгүсүндөгү унаа жолдон чыгып, 20 метр болгон жардан түшүп кеткен.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалымат кызматынан билдиришкендей, окуя болгон жерге куткаруучулар барышып, куткаруу иштерин аткарышкан. Унаадагы 5 адам жаракат алып, райондук ооруканага жаткырылды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
meridian
2016-01-13 15:40:24
Кудай сактасын.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан