Акыркы суткада өлкөдө 10 өрт кырсыгы катталып, Сузак районунда 100 түк беде, 1 тонна чөп толугу менен күйүп кетти

Өткөн сутка ичинде өлкө аймагында 10 өрт кырсыгы катталып, аларды өчүрүүгө 11 өрт өчүрүү бөлүмү тартылган. Бул тууралуу бүгүн, 13-январда Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Бишкек шаарында 1, Чүй облусунда 4, Талас облусунда 1, Жалал-Абад облусунда 1, Ош облусунда 1, Ош шаарында 1, Жалал-Абадда 1 өрт кырсыгы катталды.

Сузак районуна караштуу Комсомол айылындагы үйлөрдүн биринен өрт кырсыгы катталды. Анда 45 чарчы метр, жыгач устундуу, шифер менен жабылган турак үйдүн чатыры, 100 түк беде, 150 боо жүгөрү сабагы, 1 тонна чөп толугу менен күйүп кетти. Учурда өрттүн келип чыгуу себеби такталууда.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан