Стамбул шаарындагы Султанахмет аянтында 12-январда болгон жардыруудан жабыркагандардын арасында кыргыз жарандары жок. Бул тууралуу бүгүн, 13-январда өлкөнүн Түркиядагы элчилигинен билдиришти. Элчиликтин маалыматына ылайык, каза болгон жана жаракат алгандардын арасында кыргыз жарандары жок. Учурда элчилик тиешелүү мекемелер менен тыгыз байланышта иш алып барып жатканы айтылды.
Эске салсак, кечээ Султанахмет аянтында трамвай токтой турган жерде жардыруу болгон. Анда 10го жакын адам каза таап, 15 адам жаракат алган. Алардын басымдуу бөлүгү Германиядан келген туристтер экени белгилүү болгон.