Кыргыз Республикасынын маданият күндөрү Сауд Арабияда ушул жылдын күз мезгилинде өтөт

Кыргыз Республикасынын маданият күндөрү Сауд Арабияда ушул жылдын 22-28-октябрларында болору пландалып жатканы кечээ маданият, маалымат жана туризм министри Алтынбек Максүтовдун Сауд Арабиянын Кыргыз Республикасындагы ыйгарым укуктуу элчиси Абдурахман бин Саид аль-Жума менен болгон жолугушуусунда жарыяланды. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин басма сөз кызматы кабарлады.

Жолугушууда министр Алтынбек Максүтов жана элчи Абдурахман бин Саид аль-Жума маданият жаатында эки тараптуу кызматташуу тууралуу сүйлөшүштү. Ошондой эле министр кыргыз жергесинде Экинчи дүйнөлүк көчмөндөр оюндары болорун айтып, Сауд Арабиянын маданият ишмерлерин аталган оюндарга катышууга чакырды.

Жолугушуунун жыйынтыгында эки тарап өлкөлөрдүн ортосундагы маданий байланышты бекемдөөнү макулдашышты.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан