Чүй облусунун ички иштер башкы башкармалыгынын кызматкерлери тарабынан мыйзамсыз түрдө
диний-экстремисттик мүнөздөгү китептерди сактоо фактысы аныкталды.
Аталган мекеменин кызматкерлери Ысык-Көлдүн 37 жаштагы тургунунан экстремисттик мүнөздөгү 8 китепти табышкан. Учурда китептер тиешелүү экспертизага жөнөтүлгөн. Ал эми чогултулган материалдар Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетине өткөрүлүп берилди.