Токмок шаарында "себепсиз бычактаган" деген шек менен 36 жаштагы киши кармалды. Чүй облустук ички иштер башкы башкармалыгынан бүгүн, 13-январда билдиришкендей, милицияга арыз менен 33 жаштагы О.Р. кайрылган. Анда ал анын Максат аттуу чала таанышы себепсиз төшүнө жана санына бычак менен сайып жибергенин айткан. Натыйжада жабырлануучу оор абалда ооруканага жеткирилген.
Жүргүзүлгөн иликтөө иштеринин алкагында кылмышка шектүү катары Чүй облусунун 36 жаштагы М.А. аттуу тургуну кармалган. Учурда бул факт боюнча иликтөө иштери жүрүүдө.