Бишкекте мыйзамсыз курулуштар текшерилип жатат

Бүгүн, 13-январда Экологиялык жана техникалык коопсуздук инспекциясы тарабынан Бишкектеги мыйзамсыз курулуштар текшерилип жатат. Мекеме жетекчилиги текшерүүнү журналисттер менен бирге жүргүзүп, мыйзамсыз курулуштарды көрүүдө. Учурда Севастополь көчөсүндөгү көп кабаттуу үйлөрдүн бирине мыйзамсыз секиче кошулуп курулганы аныкталды. Үй ээси Гулан Боронов секичени курууга мамлекеттик акт бар экенин көрсөткөнү менен, инспекция жетекчилиги бул документ секиче курууга жол бербей турганын белгиледи. Рейд жүрүшүндө дагы бир катар курулуштар текшерүүгө алынат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан