Красноярск шаарында жардамга муктаж болгон кыргыз жарандарына колдоо көрсөтүүчү "Баары биздин колдо" аттуу фонд ачылды. Бул тууралуу 13-январда "Замандаш" ассоциациясынын басма сөз кызматы билдирди.
Бир гана Красноярск эмес, башка шаарлардагы кыргыздарга да жардам бере турган фонддун ачылышына Мусулмандар дин башкармалыгынын, кыргыз диаспорасынын өкүлдөрү катышты. Иш-чара концерттик программа менен коштолуп, андан чогулган каражат Новосибирск шаарында колуна операция жасатууга муктаж болгон мекендешибизге берилмекчи.