Кантта дүкөндү тоногонго шектелип эки жаран кармалды

Кант шаарында дүкөндү тоноого шектелип 2 адам кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 13-январда Чүй облустук ички иштер башкы башкармалыгынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, аймактык милицияга арыз менен З.А. аттуу жаран кайрылган. Анда ал 11-январдан 12 январга караган түнү белгисиз жарандар анын дүкөнүн тоноп кетишкенин айткан. Учурда уурдалган товардын баасы такталууда. Жүргүзүлгөн иликтөө иштеринин алкагында кылмышка шектүү катары Кемин районунун 34 жаштагы И.У. жана 29 жаштагы Ж.А. аттуу тургундары кармалган. Учурда бул факт боюнча иликтөө иштери жүрүүдө.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан