Бишкектеги асман тиреп салынган мыйзамсыз курулуштар (фото)

Бүгүн, 13-январда Экологиялык жана техникалык коопсуздук инспекциясы Бишкектеги мыйзамсыз салынган курулуштарды текшерүүгө алды. Анда бир катар көп кабаттуу турак үйлөр текшерилип, мыйзамсыз салынып жатканы белгилүү болду.

Көк-Жар жаңы конушунда жеке фирма тарабынан курулуп жаткан көп кабаттуу үй да каралды. Анын бул жерге турак жай салууга уруксаты жок болгондуктан, курулушту токтотуу талабы коюлуп, 20 миң сом айып салынган. Фирма айыпты төлөп, бирок турак жайды салуу ишин толугу менен токтотпогондуктан, бул ишти сотко берүүгө даярдык көрүлүп жатканын Экологиялык жана техникалык коопсуздук инспекциясынын басма сөз катчысы Анарбек Абазбеков белгилеп кетти.

Ошондой эле Панфилов менен Токтогул көчөлөрүнүн кесилишиндеги курулушу 90 пайызга бүткөрүлгөн үй текшерилди. Бул жай жалпы колдонуудагы жер тилкеси болгондуктан, Бишкек мэриясы 2004-жылы курулушка берилген уруксатты 2006-жылы кайрадан кайтарып алган.

Бишкек шаарынын аймактык башкаруу бөлүмүнүн башкы адиси Тынай Нургазиев бул жайга үй салуу үчүн 2004-жылы уруксат берилип, 2006-жылы уруксат кагазы кайрадан кайтарылып алынганын айтты.

"2004-жылы Бишкек шаардык мэриясынан уруксат берилген. 2006-жылы кайрадан курулуш жүргүзүүгө тыюу салынган, себеби бул жерге коомдук жай салынмак. Бирок курулуш иштери улана берген. Биздин инспекция 2012-жылы гана түзүлүп ишке кирди. Андан бери бул курулушту токтотууну талап кылып келгенибиз менен, курулуш улантылып, аргасыздан свет, суу бербей койдук. Ошондо гана ишти токтотушту",- деди Нургазиев.

Бишкек шаары боюнча мыйзамсыз курулуштардын тизмеси азыр такталып, жакынкы күндөрү бул тууралуу маалымат беришерин аталган инспекция билдирди.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (16)
dina
2016-01-13 16:06:40
"2004-жылы уруксат берилген, 2006-жылы кайрадан курулуш жүргүзүүгө тыюу салганбыз" дейт, 2 жылда 10 үй курулуп кетипатпайбы, 2 күн болсо бир жөн. Берип кайра алып ойноткон күнөө өздөрүндө да бар го.
+3
bond
2016-01-13 19:57:54
dina,кыргыз жана башка улуттар менен кудайдын алдына киришиптир башка улаттарга баардык нерсени болуштургондон кийин кыргызга эч нерсе жетпей калган экен эки жагын карап жерде таяк (чыбык) жаткан экен ошону кармата салыптыр бириндикин экинчин ушул таяк менен чукуп журо бергиле деп.
0
oroskulov1988
2016-01-13 16:12:22
10-жылдан бери эми коруштубу
+2
Aviator
2016-01-13 22:02:18
oroskulov1988,чотур беришпей койсо керек да
+1
tursunbaev2004
2016-01-13 16:42:45
Бутуп калган уйду эми бузгула же акчасын алгыла биздин колдон ошол нерсе келетта
+4
Illusions
2016-01-13 16:46:03
Бул жон гана бирин бири чукулап чыгып, Эл козуно оздорун жакшы корсоткон адамдар. На самом деле тыюу салган адамдар да, салып жаткан адамдар да бир баары... Ушул ишти козгоп чыккандарга, азырак акча берип койгон же дагы бир нерсе да)))
+3
Mars55
2016-01-13 16:46:13
негизи бийликтин бети жок өздөрү жакшы түшүндүрүп бербей,документ берген анан акча өндүрүш керек болуп коркутуп жатышат.
+2
Ibragim.osh2016
2016-01-13 17:08:58
соз жок
+1
esimdesin
2016-01-13 17:13:06
деги эле жарыбай калдык го
+3
uragan007
2016-01-13 17:56:59
Фундамент курууну баштаганда текшербейби? Эми буткону калганда кымчылбай. Максаты пара алуу го менин оюм. Баааааашында текшериш керек.
+4
elgiz0890
2016-01-13 18:27:57
uragan007,туура
+1
RaHat19
2016-01-13 21:04:23
бул уруксат берип койгондор ошол уй салуу учун канча акча коротуп долборун чийдирип алды анын баарын эсэптеп корбойбу.эки жылдан кийин отказ бердик дебей.Ошону бергендер жообун бериши керек жерди алгандар эмес.
0
jeti-oguz
2016-01-14 02:29:48
Асман тиреген десе кызыгып бизде да коп кабат уйлорду сала баштаган экен деп кире калса кайдагы беш алты кабаттын суроттору го
+1
Neizvestno777
2016-01-14 02:37:21
Озунор курбагандан кийин бергиле да башка бироого бут тозбой
0
mira77
2016-01-14 03:44:27
Бул уйлордун ээси болгон бир чиновник кызматынан кетсе керек анан башка чиновниктер талашып жаткандагы кербездери тура . Же болбосо ушунча салынган уйду токтотуп эмне кылышат
0
parus.kg
2016-01-14 08:49:07
тиги токтогул-панфилов кочосундо турган турктордун компаниясы болсо керек? Башарыр иншаат?
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан