Борбор калаада "таксистке кол салган" деген шек менен 20 жаштагы жигит кармалды. Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынан билдиришкендей, 25-декабрь күнү түнкү саат 02:00 чамасында борбордогу базарлардын биринин жанынан таксистке эки белгисиз жаран келип, Жибек-Жолу жана Тоголок Молдо көчөлөрүнүн кесилишине алып барууну айткан.
Орто жолдон кардарлардын бири өзүн начар сезип, караңгы жерге айдоону өтүнүп, ал жерден шериги менен бирге айдоочуну муунта баштаган. Андан кийин айдоочуну эси оогуча ур-токмокко алып, изин суутуп кетишкен.
Бул факт боюнча 3 берене менен кылмыш иши козголгон. Жүргүзүлгөн иликтөө иштеринин алкагында кылмышка шектүү катары 20 жаштагы М.Дастан аттуу шаардын тургуну кармалган. Учурда анын шеригин издөө иштери жүрүүдө.