Сейил бакта семичке чагып интернетте белгилүү болгон кызга 2 миң сом айып пул салынат. Бул тууралуу бүгүн, 13-январда SUPER.KG порталына Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, видеодо сейил бактын ичинде отуруп жерге семичке чагып, аны көчө тазалагычтар жыйнашы керектигин айтып, "алардын айлыгын государство төлөйт, ошол үчүн ал мамлекет" деген ойду карманган жаш кыз Административдик кодекске ылайык 2 миң сом айып пул төлөмөкчү.
"Учурда видеодогу кыздын аты-жөнүн тактоо иштери жүрүүдө. Ал табылары менен айып пул салынат", - деп кошумчалашты Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынан.