Юстиция министрлигинин алдындагы Соттук экспертизалар борборунун эксперти Николай Иксанов баңгизат үчүн 16 жылга кесилди. Бул тууралуу 13-январда Жогорку Соттун басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, Бишкектин Биринчи Май райондук соту 11-январда 1980-жылы туулган Николай Иксановдун ишин карады.
Айыпталуучу Н.Иксанов 2004-жылдан тартып тергөө органдары жана соттордон түшкөн маңзаттарды изилдеп келген. 2015-жылдын 17-июнунда саат 19:00 чамасында Токтогул көчөсү жана Эркиндик бульварынын кесилишкен жеринде укук коргоо органдары тарабынан Н.Максүтов аттуу жаран маңзат менен колго түшкөн. Ал баңгизатын 7 миң сомго Н.Иксановдон сатып алгандыгын айткан. Ошол эле күнү саат 19:30 чамасында Уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөшүү кызматынын өкүлдөрү тергөө иштеринин алкагында Н.Иксановдон 7 миң сомго баңгизатын сатып алышкан.
19-июнда Н.Иксановдун кызматтык бөлмөсүн тинтүү учурунда 307 грамм маңзат табылган. Бишкектин Биринчи Май райондук соту "баңгизатын мыйзамсыз сактоо, сатуу", "кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу" беренелеринин негизинде Н.Иксановду күнөөлүү деп таап, мүлкүн конфискациялоо менен 16 жылга эркинен ажыратты.