17-мартта Бишкектеги №62-окуу тарбия комплексинде мектеп окуучуларынын кыздар арасындагы волейбол боюнча мелдеши соңуна чыкты. Маалым болгондой, мелдеште 1-орунду №29-мектептин, 2-орунду №62-мектептин кыздар командасы ээлесе, 3-орунга №32-мектептин кыздар командасы татыктуу болду. Бул спорттук иш-чара 12-мартта башталып, ага 8 команда катышты.