Кылмыштуу чөйрөнүн көрүнүктүү өкүлү Улан Токтосунов (Сакал) Нарындагы СИЗОго дагы бир айга калтырылды

Жакында аэропорттон кармалган кылмыштуу чөйрөнүн көрүнүктүү өкүлү Улан Токтосунов (лакап аты Сакал) Нарындагы №24-СИЗОго которулган эле. Бүгүн анын иши боюнча соттук отурум болуп, соттун чечими менен ал дагы бир айга аталган СИЗОго калтырылды.

Мамлекеттик айыптоочу У.Токтосуновду тергөө амалдары аяктагыча 1 айга (14-февралга чейин) №24-СИЗОдо калтырууну өтүндү. Ишти карап жаткан судья Эмил Кайыпов сунушту колдоого алды. Соттук териштирүү жабык режимде өттү.

Эскерте кетсек, Улан Токтосунов 2015-жылдын 19-декабрында саат 04:30 чамасында Стамбул-Бишкек каттамы менен кыргыз жерине учуп келгенде кармалган. Ал уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү катары Ички иштер министрлигине каттоого алынган.

Улан Токтосунов 1978-жылы Талас облусунда туулган. Спорттук мектепти аяктаган, Кара-Балта шаарында жашап келген. "Бейбаштык", "өз балдарын камсыздоодон баш тартуу", "соттун чечимин аткарбоо" беренелери менен кылмыш жоопкерчилигине тартылган. 2015-жылдын май айынан тартып "Дамке аттуу уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсүн өлтүрдү" деген шек менен ага эл аралык издөө жарыяланган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (7)
Nurbol
2016-01-13 19:12:14
Бизде сотту деле башка органдарды деле турмодогулор башкарганы ачыкталып бараткансыйт, кайсы жерде отургусу келсе отурат, отургусу келбей калса чыгып кетет
+3
dasta
2016-01-13 19:19:24
Nurbol,созундо жан бар... емнеге дегенде бизде мыйзам иштебейт жакынрактан суураштырсан кылмышкер судьялардын тууганы болуп чыгат. Кайакта бир бандитти елге жарыя кылбай оздору еле жок кылышса болмок
+6
Mars55
2016-01-13 21:09:09
Сакал,чач,мурут ушундай адамдар тойгозду( криминал)
+5
MuslimNur95
2016-01-13 21:41:13
Вор в закон бу ошондо бул?
-1
zoichka
2016-01-13 21:56:36
Жаман иттин аты борубасар
+2
ediko85
2016-01-14 03:04:33
Оз балдарын камсыздоодон баш тартса ((эмнеси мн корунуктуу эмнеси мн вор закон булар тушунбойм да черный болгон силерди айя((мындай адамдар только камерада одиночка да челеке чычыып отурса(((
+1
admin_portal
2016-01-14 13:00:00
Meka_ademi - эскертүү!
Сайттын же гезиттин ЖАЛПЫ ИШМЕРДҮҮЛҮГҮНӨ байланыштуу сын-пикирлер info@super.kg же admin@super.kg электрондук даректерине жазылып жөнөтүлүшү керек.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан